• 88.68
  • 95
  • 0.95

23-мартта Кант–Ивановка темир жол каттамы убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Эртең, 23-мартта саат 08:00дөн 17:00гө чейин Кант–Ивановка темир жол каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттам Кант–Ивановка перегонунун 3800- чакырымындагы (Люксембург айылы, Советская көчөсү) кайтарылбаган темир жол өтмөгүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.

"Оңдоо иштери Ысык-Ата районунун жол кайгуул кызматы менен макулдашылды. Айланма жол 3802-чакырымы (Панфилов) боюнча жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий