• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын элчиси Казакстандын билим берүү министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Кечээ, 22-ноябрда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташууну жана эӊ жогорку жана жогорку деӊгээлдеги макулдашууларды ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу талкуулашты.

Тараптардын жогорку окуу жайларында гранттык орундардын санын өз ара көбөйтүү жана Бишкек шаарында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалынын ачылышы тууралуу маселелерге өзгөчө көӊүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий