• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиянын Тюмень облусундагы кыргызстандыктарга консулдук кызмат көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.03.23./Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 26-28-февралда Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россия Федерациясынын Тюмень облусуна консулдук иш сапары менен барышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, дипломаттар Кыргыз диаспорасынын регионалдык "Биримдик" коомдук уюмунун кеңсесинде Тюмени шаарында жана Тюмень облусунда жашаган мекендештер менен жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууда мекендештерге чет өлкөдөгү мекеме тарабынан консулдук кызматтарын көрсөтүлүп, кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Жарандарды кабыл алуу учурунда Башкы консулдук тарабынан аймакта жашаган 100дөн ашуун кыргызстандыктарга ар кандай консулдук кызматтар көрсөткөтүлдү. Иш-сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери Тюмень облусунда Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын башкы башкармалыгынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан КРнын 25 жараны жана аталган мекемелердин жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Абакта жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушуу учурунда түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жана соттолгон адамдарды Кыргыз Республикасына которуу процедуралары тууралуу маалыматтар берилип, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Ошондой эле Башкы консулдуктун кызматкерлери Тюмень шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барып, КР жарандары жана аталган мекеменин жетекчиси менен жолугушуп, мекендештердин мекенге тез арада кайтып кетүү маселелерин талкуулашты.

"Учурда Кыргызстандын Россиядагы чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү КР жарандарынын чет мамлекеттин аймагындагы согуштук аракеттерге катышуусунун мыйзамсыздыгы боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүшүүдө.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Россиянын аймагында убактылуу жашаган КР жарандарына чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышуусунда кылмыш-жаза жоопкерчилиги жана согуштук аракеттерге катышкан учурда мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий