• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Учурда өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 247 киши пневмониядан дарыланууда

Ден соолук 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Учурда өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 247 киши пневмониядан (коронавируска тапшырган анализдери таза чыккан) дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, ооруканада пневмониядан дарыланып жаткандардын ичинен 337 бейтаптын абалы оор, 112 киши реанимация бөлүмүндө жатат.

Өлкөдө март айынан бери 1971 адам ооруканадын тышкаркы пневмония менен ооруканага дарыланууга алынып, анын ичинен 627 киши айыгып чыккан, 97 бейтап каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий