• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 02.07.20 /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында 1-июлда саат 20:42де күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Алай районунун Нура жана Эркечтам айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий