• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн “Маалымат талдоонун негиздери” темасында кезектеги вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Онлайн университети платформасынын илимий изилдөө лабораториясы бүгүн, 2-июль күнү саат 17:00дө “Маалымат талдоонун негиздери” темасында кезектеги вебинарын өткөрөт. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучулардын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда маалыматты талдоо деген эмне, маалыматты талдоо ирети жана баскычтары, текстти талдоо ыкмалары, маалымат талдоо куралдары (MaxQDA, AtlasTi, Nvivo) жана маалымат чогултуу ыкмалары менен талдоо ыкмаларынын байланышы тууралуу сөз болмокчу.

Вебинардын спикери Айбек Самаков – Түбинген университетинин Антропология кафедрасынын аспиранты.

Эске салсак, Онлайн университетинин илимий изилдөө лабораториясы эл аралык талаптарга ылайык изилдөө жүргүзүү боюнча вебинарлар сериясын уюштуруп келет.
Вебинардын шилтемеси: Конференциянын идентификатору: 977 4274 4000, пароль: 156456

Пикир

Оставить комментарий