Бишкек,01.12.18. /Кабар/. Эртең. 2-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 3-8, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5,
Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...-7,
Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12°, күндүз 0…-2 градус.
Пикир
Оставить комментарий