• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда кан донорлорунун саны аз - Кан борборунун жетекчисинин орун басары

ТАГДЫР 0

Саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөтмөсү боюнча миң адамга 40 кан донору туура келиши керек. Бирок Кыргызстанда миң кишиге болгону 5 донор гана туура келет. Бул да болсо Кыргызстандагы олуттуу маселелердин бири. Кан донорлору тууралуу Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева менен маек курдук.

-Кыргызстанда кан донорлорунун саны аз экени маалым. Эмне себептен кан тапшырган адамдардын саны аз деп ойлойсуз?

- Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча миң кишиге 40 донор туура келиши керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда орточо алганда миң кишиге 5 донор туура келет. Албетте, бул сан канга муктаж болгон жарандарды кан жана кандын бөлүктөрү менен толугу менен камсыз кылууга жетишпейт.

Совет доорунда Кыргызстанда Кызыл Ай коомунда 400 киши иштеп, үгүттөө боюнча иштер жүргүзүлчү. Совет доору бүткөндөн кийин ал кишилердин штаты кыскарып, деги эле элди үгүттөө иштери начарлай түшкөн. Жакынкы эки жылдын аралыгында биздин Кызыл Ай коому биз менен кайра иштешип башташты. Швейцариядагы Кызыл Кресттин колдоосу менен "Өз ыктыяры менен келген акысыз донорлорду өрчүтүү" аттуу программанын алкагында иш алып баруудабыз. Бирок ал программаны Кызыл Ай коому менен биргеликте баштаганыбыз менен натыйжа абдан аз болуп жатат. Анткени бизде "Өз ыктыяры менен келген акысыз донорлорду көбөйтүү" боюнча мамлекеттик программа жок. Ошол программа мамлекеттик деңгээлде кабыл алынса жакшы болмок.

Бул деген медициналык-социалдык көйгөй да. Донордун канын алып, аны текшерүүдөн өткөрүп, бөлүп, элге коопсуз жана сапаттуу канды жеткирүү - биздин максатыбыз жана милдетибиз. Ал эми канды даярдоо кызматында иштегендер социалдык көйгөйгө кирип кетип жатабыз. Себеби, Кызыл Ай коомунда жетиштүү штатыбыз жок. Мисалга айтсак, Түркияда Кызыл Ай коому абдан жакшы иштейт. Алардын өздөрүнүн штаттары бар, көчмө унаалары эртеден кечки саат 10го чейин, керек болсо түнкү 12ге чейин канды кабыл алып турушат, топтоо пункттары бар.

- Азыркы күндө Кыргызстанда канча донор бар жана алардын ичинен канчасы ардактуу донор атын алган? Аларга кандай шарттар каралган?

- Республика боюнча жылына 40-42 миң донор кан тапшырат. Алардын арасынан 15-18%нын каны текшерүүдөн кийин жараксыз болуп калат.

Ал эми учурда өлкө боюнча 3 миңден ашык ардактуу донор бар. Башында ардактуу донорлорго дарыгерлерге кезексиз кирүү, коомдук унааларда акысыз жүрүү сыяктуу жеңилдиктер каралган. "Донорлор тууралуу" 1993-жылы кабыл алынган мыйзамга 2 ирет алымча-кошумча киргизилип, аймактарда коомдук унаалар жүрбөй калгандыктан, жеңилдиктердин ордуна аларга ай сайын 1 миң сом каражат берүү каралган. Бул ардактуу донорлор үчүн ыңгайлуу деп ойлом. Учурда 30 жолу акысыз, 45 жолу акы алып кан тапшыргандар ардактуу донор атын алат. Мыйзамда каралган боюнча бир ирет кан бергени үчүн акысыз кан тапшыргандар бир эсептик көрсөткүч - 100 сом, акысына тапшыргандар 300 сом алышат.

- Жарандарга кан кандай негизде берилет?

- Бизде кан берүүнүн үч түрү бар. Биринчиси, донор болуп кан тапшырган жарандарга донорлук маалымкат берилет. Ошол маалымкаттын негизинде канды бекер ала алышат. Экинчиси, башка ооруканалар менен биздин келишим бар. Ошол келишим боюнча дагы канды бекер беребиз. Келишими жок, донор болуп кан тапшыра албаса акылуу келген донорлорубузга, канды даярдоодо кеткен каражаттын чыгымын жапкыдай акы төлөп, канды алып кетишет. Бирок көбүнчө донорлук канга муктаж бейтаптар аны маалыматкат менен бекер алышат.

- Чукул кырдаалдарда канга керектөө болуп калса, тартыштык жаралбайбы?

- Биздин өзгөчө кырдаалдарга карата даярдалган корубуз бар. Кудай сактасын, жаратылыш кырсыктары болуп кетсе, канга керектөө жаралса толугу менен камсыз кылабыз.

- Кимдер кан донору боло алат?

- Кан донорунун дени сак, 18 жаштан 60 жашка чейинки адам болушу керек. Кан тапшырганы келгенде жарандар анкета толтурушат. Анда алты ай ичинде кандай көрүнүштөр бар, баңгизат колдонгонбу, 6 ай ичинде операция болгон эмеспи, татуировка жасаткан жокпу деген суроолор камтылган. Ушунун баарын абсолюттук жана салыштырмалуу каршы көрсөтмөлөрүн кан тапшыраардан мурун аныктайбыз. Андан кийин дарыгердин кароосунан өтөт. Кан басымын, кан тамырын текшерет, боюн, салмагын өлчөйт. Ушул текшерүүлөрдөн жарандардын 30%ы өтпөй калат. Андан кийин кан тапшырып, кан аркылуу жугуштуу ооруларды текшерүүдөн 15-18%ы жараксыз чыгат. Ошентип бүгүнкү күндө кан тапшырууга келген жарандардын 50%нын каны жараксыз болуп калат. Мунун себебин тууганчыл донорллордун саны көп болгондугу менен түшүндүрсө болот. Айтайын дегеним алар кан тапшырып, донорлук маалымкатын алууга кызыкчылыгы бар. Анткени, ал маалымкат менен каны жараксыз табылган болсо да канды акысыз алып кете алат. Ошон үчүн ооруларын жашырышат. Буга байланыштуу биздин максатыбыз, стратегиябыз - тез аранын ичинде “Өз ыктыяры менен келген донорлордун санын көбөйтүү” программасын ишке ашыруу. Өз ыктыяры менен келген донорлордун санын, жылда 2-3 жолу келип турган дайымкы донолордун санын көбөйтсөк биздин максатыбыз ишке ашат.

- Кан тапшырып жатканда кан аркылуу оору жуктуруп алган учурлар болду беле?

- Кан донорлоруна оору жуктуруп албайт дегенге 100% кепилдик беребиз. Андай учурлар жок. Алты облустун кан борборлорунда жана биздин борбордо кан даярдоодогу минималдык стандарттарга жетиштик. Имараттарда оңдоо иштерин жасап, заманбап жабдыктар менен жабдыдык.

Маектешкен Нуржигит Бейшебаев

Пикир

Оставить комментарий