Роза Айтматова: "Гүлсараттагы" башкы каармандын прототиби – биздин Керимбек деген агабыз экен

ТАГДЫР 0

Айтматовдун "Гүлсарат" повести коомду өзгөртүүнү ойлогон Танабай деген чабан тууралуу психологиялык чыгарма. Ал жогорку кызматтагы эмес, чыныгы кызматчы адам жана кандай гана кыйынчылык болбосун, чындыктан тайган эмес.

Роза Айтматованын айтканына караганда, Танабайдын образын чагылдырган реалдуу жашоодогу адам болгон, мына ошол инсан жазуучунун Керимбек деген агасынын прототиби экен.

Аламүдүндөгү Арашан айылынын мектебинде Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган адабият кечеси өткөн. Кеченин кадырлуу коногу катары жазуучунун карындашы Роза Айтматова жана белгилүү актёр Насрет Дубашевдер чакырылган.

Маданий иш-чарада Айтматовдун чыгармасы боюнча спектаклдер коюлуп, үзүндүлөр окулуп, окуучулар жазуучунун бир тууганы Роза Айтматова менен маек курушту.

"Гулсарат" повести кандайча жаралганы, жазуучуга эмне түрткү болгону тууралуу

- Жакында Чолпон-Атада "Гүлсарат" деген жоргого эстелик ачышты. Мени ошол эстеликтин ачуу аземине катышууга чакырып калышты. Ошол чакыруу көп нерселерди эске салып, "Гүлсарат" повестин кайра окуп чыктым. Ал повесттин негизги каарманы Танабай. Ошол Танабайдын образы биздин атабыз Төрөкулдун аталаш бир тууганы Керимбектин прототиби экен.

Менин атам Төрөкул ошол Керимбек деген иниси менен айылдагы молдого барып билим алышчу. Бир күнү алар окуусуна Керимбектин жоргосун минип барышкан. Ошол молдонун эч нерсе менен иши жок бир картаң ити бар эле. Мына ошол күнү ит негедир эки баланы карай үрүп, жорго үркүп, менин атам аттан кулап, Керимбек болсо тизгинин катуу кармап, жоошутуп койгон экен.

Ошондо Керимбектин атасы Биримкул айтыптыр, – "Менин балам жылкыга жакын, жылкыны жакшы түшүнөт, ал жылкычы болсун".

Ошол аксакалдын айтканы менен Керимбек агабыз жылкычы болуп калыптыр.

Агабыз өзү дагы жылкыны жакшы көргөн адам болчу. Айылда Керимбектин жоргосуна суктанып, анын абдан чынчыл, намыскөй жана мээнеткеч адам экенин айткан адамдар көп эле.

Чыңгыз Айтматов ошол Танабайдын образынын көп жерин ошол Керимбек агабыздан алып жазган. Повестти окусаң башкы каармандын мүнөзү ошондой жана чыгармада ошол Керимбек агайдын жашоосунда болгон окуяларга окшош учурлар да бар. Керимбек агабыз повесттин жаралуусуна чоң таасир тийгизген окшойт.

"Биринчи мугалим": Дүйшөндүн мектеби тууралуу

"Биринчи мугалим" чыгармасындагы айтылып жаткан Дүйшөндүн мектеби чын эле болгон экен. Айылда Дүйшөндөй агай болгон деп сөз кылышат. Ал айылдагы үйлөрдү кыдырып, балдарды окууга жиберүүгө суранчу экен.

Алтынайдын образындагы кыздын үйүнө барганда, энеси Дүйшөндү кууп чыгып, ал эми атасы мектепке барып билим алсын деген. Чыгармада көрсөтүлгөн мектеп чындыгында болгон.

"Кылым карыткан бир күн" жана биздин үй-бүлөнүн тагдыры

Жөнөкөй окурман катары мага "Кылым карыткан бир күн" романы жагат. Ал чыгармада мен өзүмдүн ата-энемдин образын, биздин үй-бүлөнүн тагдырына окшоштурам. Көп жеринде, кайсыл окуя жөнүндө жазылган, эмне болгондугу тууралуу ачык көрсөтүлгөн, ошол себептен мезгил-мезгили менен романды кайра-кайра окуп чыгам.

Кээ бир чыгармаларды мен азыр окусам, таптакыр башкача, биринчи жолу окуп жаткандай жаңыча кабыл алам.

Айтматовдун 90 жылдыгы тууралуу

Жазуучунун 90 жылдыгына арналган көп иш-чараларга катыштым, жогорку окуу жайларында болуп жатам, бирок мындай кичинекей балдар катышып, алардын койгон оюндары мага абдан терең көрүндү. "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасын клип кылып көрсөтүштү, мага абдан жакты.

Бул иш-чарадагы аткарган чоң класстын балдары абдан берилүү менен аткарышты. Алардын китепти, ошол өздөрү аткарган чыгарманы окугандыгы көрүнүп турат. Бул абдан жакшы көрүнүш. Китеп окуган балдардын келечеги кенен. Келечекте бул балдар өлкөнүн керегине жараган мыкты инсандар болот деп ишенем.

Чыңгыз Айтматов көп айтчу эле - адам бирөөнү бактылуу кылганда гана өзү да бактылуу болот деп.

Пикир

Оставить комментарий