Жаңы келгенде оюмду билдире албай уялчумун – Австрияда жашаган Асел Караева

ТАГДЫР 0

Чет жерге окууга же ишке кетип, ошол жерде байыр алып калган кыргыз жарандары аз болбосо керек. Алардын катарын толуктаган мекендешибиз Чүй районунун Он-Бир-Жылга айылынын тургуну Асел Караева 14 жылдан бери чет жерде иштеп жүрөт. Каарманыбыз тил үйрөнүүгө болгон ынтызарлыгынын арты менен максатын ишке ашыруу үчүн Германияга кеткен.

- Асел эже, Австрияга кантип барып калдыңыз?

- 2001-жылы мектепти бүткөн соң, Бишкек гуманитардык университетинин (БГУ) Герман филология факультетине тапшыргам. Бирок ал жактан немис тилин жакшы үйрөнө албадым. Бир күнү гезиттен “Au Pair” деген программа тууралуу окуп калып, абдан кызыгып, сураштырып көрдүм. Ал жөнүндө маалыматтарды топтодум. Анан Германиядагы үй-бүлөлөргө өзүм жөнүндө кат жаздым. Жашаганга үй-бүлө таптым да, ошентип 2004-жылы Германияга келдим. Үй-бүлөмдүн балдарын карашып жана башка жеңил жумуштарга жардам берип, немис тилин үйрөндүм, жергиликтүү элдин маданияты менен тааныштым. Программанын негизинде бир жылга келишим түзгөнбүз. Ал жакта өзүмдүн үй-бүлөмдө жашагандай эле жашап, жумасына чөнтөк чыгымдарын алып турчумун. Эсимде Германияга жаңы келген жылы айына 210 евро алчумун. Кийин тил үйрөнүү курсун окуп, ал жакты бирге жашаган үй-бүлөмдүн жардамынын аркасында дагы бир жарым жылга калып калдым. Андан соң Майнц университетинин колледжинде немис тил багытында дагы эки семестр окудум. Германияда үч жарым жыл жашап, кийин Австрияга келдим. Бул жакка да дал ошол эле программа менен келип калдым, учурда Австрияда жашайм.

- Кыргызстандан чет жакка чыгуу жашооңузга кандай өзгөчөлүк алып келди?

- Башка жерге келип, жаныңда ата-энең, туугандарың жок өз алдынча болууну үйрөнөт экенсиң. Чет элдин маданияты, эли-жери менен таанышып дүйнө таанымың да өсөт экен. Жаңы келгенде абдан кыйналдым. Менталитетине көнө албай, эл менен аралашалбай көпкө жүрдүм. Булар бардыгын бетке айтып коюшат. Мен болсо өз оюмду билдире албай уялчумун. Кыргызстанды сагынып, кетким келчү. Азыр көнүп калдым, өзүмдүн жеримдей эле эркин жүрөм. Буюрса быйыл күзүндө келгениме 14 жыл болот.

- Германияда жашаган үй-бүлөңүздө кандайдыр бир ички мыйзамдар, каада-салттар бар беле?

- Албетте, ар бир үй-бүлөнүн жазылбаган мыйзамдары болот эмеспи. Германиядагы үй-бүлөдө бардык нерсенин өз убактысы бар болчу. Алар убактысынан кечиктирилбей сөзсүз түрдө аткарылчу. Мисалы, эртең менен саат 6да балдар мектепке кетчү да, биз туура 7де тамактанчубуз. Кечинде болсо18.00дөр чамасында тамактанып, саат 19:30-20:00дөрдө балдар телевизор көрүп анан укташчу. Негизи Германияда телевизорду көп көрүшпөйт. Убактыларын бекер коротушпайт. Бул жакта тең укуктуулук сакталып, Кыргызстандагыдай “Үйдү эркек багат” деген түшүнүк жок. Немистердин эркеги да, аялы да иштейт. Алсак, бүгүн аялы тамак жасаса, эртең жолдошу деле үй тиричилигин кылып, балдарын карай берет. Бул аялдын жумушу, тигил эркектин жумушу дешпейт. Ал эми каада-салтына токтолсок, булар андайларга маани деле беришпейт. Негизи улуттук кийим, тамак-аштары бар. Ии баса, буларда Иса пайгамбардын туулган күнү үй-бүлөлүк майрам катары саналат. Бардыгы чогулуп алып абдан жакшы майрамдашат.

- Жергиликтүү элдин чет элдиктерге кылган мамилеси кандай?

- Жергиликтүүлөрдүн чет элдиктерге кылган мамилеси да, өз ара бири-бирине кылган мамилелери дагы абдан сылык. Орой мамиле кылышпайт. Бири-бири менен катуу кыйкырышып урушпайт. Көчөдөн жардамга муктаж болуп калсаң, эмне керек деп сурап кол сунушат. Бир нерсени түшүндүргөндө да акырын эле сөз менен айтып коет. Жалпысынан эл дайыма жардам бергенге умтулуп турат.

- Немистер менен достошуу абдан кыйын дешет бул чынбы?

- Ооба, мен бул сөзгө кандайдыр бир деңгээлде кошулам. Немистер менен биздин элдин менталитети башка да, бири-бирине карама-каршы. Ошондон уламбы айтор алар менен тил табышуу бираз кыйынчылык жаратат. Негизи эле немистер башка улуттагы адамдар менен мамиле курууда аралыкты кармап турушат. Булар менен достошуу үчүн ишенимдерине кирүү зарыл. Бул оңой эмес. Немистер табиятынан абдан психолог келгендиктен, бардыгын байкап, карап турушат. Эгер бир достошуп алсаң, достукка абдан бекем. Иштешкенде так, айткан сөздөрүн сөзсүз аткарышат.

- Азыр Австрияда жашап жатасыз. Германия менен Австриянын айырмачылыгы барбы?

- Айырмасы бар. Бирок, анча деле чоң эмес. Немистер таза классикалык тилде сүйлөсө, ал эми австриялыктар өздөрүнүн диалектисинде сүйлөшөт. Немистер буларга салыштырмалуу аябай түз калк. Убакытка аябай так, бир нерсе айттыбы анысын сөзсүз түрдө аткарышыт. Ал эми авриялыктар болсо бүгүн бар десе, эртең жок деп айнып коюшу мүмкүн. Австрия Кыргызстандай тоолуу. Немистер болсо түздүктө жашашат. Негизинен окшош жактары көп. Биздин кыргыз эли менен казактар сыяктуу.

- Германия менен Австриянын кайсы жактарына саякаттадыңыз эле?

- Германиянын көп эле жеринде болдум. Негизи Кыргызстандан Франкфуртка келгем. Ал жакта жашап жүргөндө Көнгштайнга, Гамбургга, Люксембургга бардым. Германиядагы эң алгачкы шаарлардын бири, Карл Маркс төрөлгөн Трир деген шаарда бир жарым жыл тил курсун окудум. Хесн облусунун Висбаден шаарында жашадым. Майнцда колледже окудум. Ал эми Австриянын Зальцбург шаарына барганмын. Өзүң билгендей Зальцбург атактуу композитор Моцарттын төрөлгөн шаары. Учурда Австриянын борбор шаары Венада жашайм. Негизи Европанын көпчүлүк жери окшош эле. Архитектурасы, индустриясы, инфраструктурасы бардыгы эле дээрлик бирдей. Шаарлары кооз, абдан өнүккөн.

- Ал жактын коомдук унаалары кандай экен?

- Германияда жол кире Австрияга карганда кымбатыраак. Ай сайын жол жүрүү билетин алып ошо менен жүрөбүз. Шаар ичинде автобус, трамвай жана поезд каттайт. Жолдору түз, бул жагынан да Кыргызстандан өзгөчөлөнөт.

- Үй-бүлөңүзгө кыргыз ашканасынын тамактарын жасап бердиңиз беле?

- Жаңы келген жылдары бир-эки жолу плов, самсы, лагман жасап бергем. Аябай жакшы көрүп жешкен болчу. Бирок, биздин тамактар немистер үчүн майлуу болуп калат. Ошондуктан көп деле жасаган эмесмин. Анда-санда өзүбүздүн тамактарды жасап кыргыз кыздарын коноктоп турам.

- Трир менен Майнц шаарында окудум деп айттыңыз. Билим берүү системасында кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыз?

- Айырма абдан эле чоң. Кыргызстанда мектеп системасындай сабактардын ырааттамасы түзүлүп окутулса, бул жакта ырааттаманы өзүң түзөсүң. Интернеттеги баракчада сабактардын убактысы жазылып турат. Ошого жараша убактымды бөлүштүрүп алып окууга барчумун. Бизде жыл сайын сентябрь айында окуу башталса, Германияда семестр сайын тапшырып окуй бересиң. Билим берүү системасы абдан сапаттуу. Бул жакта биздикиндей жемкордук деген жок.

- 14 жыл чет жерде жүрүп эмне таба алдыңыз?

- Эмне таптым... Өз алдынча болууну, тилди үйрөндүм. Дүйнө таанымым, көз-карашым кеңейди. Башка эч нерсе деле тапкан жок окшойм (күлүп).

- Чет элге кетпей Кыргызстанда калганыңызда жашоом кандай болмок деп ойлойсуз?

- Эмне деп жооп береримди да билбей жатам (күлүп). Эгерде кетпей калганымда немис тилин мынчалык билмек эмесмин. Кыргызстанда жүрсөм күнүм адатындагыдай эле өтсө керек. Күнүмдүк жумуш менен эле жүрмөкмүн. Балким турмушка чыгып балалуу болмокмун. Бир жерде мугалим болуп иштеп жүрмөк болушум керек деп ойлойм. Бирок, ага деле нааразы болбойт болчумун.

- Жаштарга кандай кеңеш бересиз?

- Эң биринчи кезекте тил үйрөнгүлө. “Канча тил билсең, ошончо адамсың” дейт эмеспи, тилдин көп пайдасы тиет. Дайыма изденип максат коюп жашагыла, анан дагы талыкпай эмгектенгиле демекчимин.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ишиңизди ийгилик коштосун.

Маектешкен: Назик Эсенбек кызы

Пикир

Оставить комментарий