• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент коррупцияга шектелип кармалган Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комиссия түздү

Президент 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров күн мурун коррупцияга шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча коммисия түздү. Бул тууралуу президент "Азаттык" радиосуна курган маегинде билдирген.

Президент маегинде 2020-жылы бизнести, мамлекеттик ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизгендигин эске салды.

"Бул жылдын башынан баштап бардык министрликтерди, мамлекеттик мекемелерди текшерүүгө уруксат бергенбиз. Себеби иш кагаздарында, финансылык иш жүргүзүүлөрдө мыйзам бузуулар көбөйүп кетти деген маалымат келген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча жакында эле Башкы прокуратура финансылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып кайрылган. Эгер чындап эле мамлекетке келтирген зыяны болсо, мейли, ким болбосун сурагыла дегем. Реабилитациялык балдар борборунун ачылышынан кийин сурайлы деп күтүп жүрүшсө керек", - деди.

Садыр Жапаров кечээ күнү министрди кармап кеткенин көрүп, бүгүн комиссия түзүп, жибергендигин кошумчалады.

"“Өзүм үчүн билейин. Калыс козголгонбу же жокпу тактап келип бергиле” дедим. Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз", - деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды.

Пикир

Оставить комментарий