• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажычылар салмактык көрсөткүчтөрдү төмөндөтүү фактыларын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Түштүк-Батыш бажысы тарабынан салмактык көрсөткүчтөрдү төмөндөтүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Түркиядан Кыргызстанга «К.П.» ЖЧК алуучунун дарегине, «Достук» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайы аркылуу 336 жеткирүү санда эл керектөөчү товарлар ташып киргизилген, анын ичинен 31 жеткирүү жараксыз салмактык карталарды колдонуу аркылуу ташылып келген.

"К.П." ЖЧК бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн берилген документтерде декларацияланган товарлардын иш жүзүндөгү салмагын азайтуу жолу менен, бажы органына берилген документтерде көрсөтүлгөн бурмаланган маалыматтарды пайдалануу менен бажы алымдарын төлөөдөн четтеп, товардын жалпы салмагын 24 227 кг азайткан. Мамлекетке келтирилген алдын ала зыян 2 млн сомду түзөт.

Факт КБР МКЖ АДСга катталып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий