• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө тор менен мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Өрүктү айылында көлдүн жээгинде синтетикалык тор менен мыйзамсыз балык уулоо жүргүзүп жаткан адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Аталган факты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери рейд иштерин жүргүзүү учурунда аныктаган.

Шектүү 39 жаштагы А.Э. аттуу жаран ошол эле айылдын тургуну экендиги аныкталган.

Текшерүү учурунда 11 даана сига-лудога балыктары жана синтетикалык торлор далил буюм катары алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесине (“Балыкты же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо”) ылайык, шектүү Түп райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий