• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Электр тармагындагы коррупция. Манас РЭТнин кызматкерлери мамлекетке 1,4 млн сом зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Талас облусунун Манас райондук прокуратурасы тарабынан Манас РЭТ мекемесинин жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган мекеменин жооптуу кызмат адамдары өзүнүн тескөө жана башкаруу укуктарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, мамлекетке 1 млн 407 миң 523,08 сом зыян келтиришкендиги тастыкталды.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий