• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Месси менен Роналду жок. Чемпиондор лигасынын чейрек финалына өткөн командалар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалындагы командалар арасында оюн аяктады. Бул тууралуу sport-express басылмасы жазат.

Күн мурун “Челси” менен “Вильярреал” командалары атаандаштарын жеңип, лиганын чейрек финалына өттү. Анда “Челси” клубу “Лиллди” 4:1 (эки оюнду кошкондо), “Вильярреал” командасы “Ювентусту” 4:1 эсебинде утту.

Ал эми Лионель Месси ойногон “ПСЖ” жана Криштиану Роналду ойногон “Манчестер Юнайтед” командалары жеңилүү ызасын тарткан.

Буга чейин чейрек финалга “Бенфика”, “Атлетико”, “Бавария”, “Ливерпуль”, “Манчестер Сити” жана “Реал” командалары өткөн.

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын чүчү кулак тартуу аземи 18-мартта Швейцарияда болот.

Пикир

Оставить комментарий