• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең КТРКда “Нурбек агай” фильминин бет ачары болот

Маданият 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Эртең, 18-мартта, саат 17:00дө Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) “Кыргызтелефильм” студиясы тарткан “Нурбек агай” фильминин бет ачары болот.

КТРКнын расмий сайтын колдоо боюнча бөлүмү билдиргендей, фильмдин бет ачарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, тарбиялануучулары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Медет кызы Айпери, кино, маданият жана спорт чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышат.

Фильмдин башкы каарманы - кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков. Ал дүйнөлүк деӊгээлге көтөрүлгөн спортсмен кыздарды тарбиялаган адам.

Бул фильмден көрүүчү Нурбек Изабековдун спортсмен жана машыктыруучу катары жеңиштери, суктана турган турмуштук жолу жөнүндө кабардар болот.

Фильмди жараткан топ таанымал жана жаш кесипкөйлөрдөн турган: фильмдин автору жана режиссеру - Кыргыз эл артисти Тынай Ибрагимов, операторлор: Эрнес Мамытов, Бактияр Мурадил уулу, администратору: Адилет Молдобеков, Гүлнара Дамир кызы, продюсери: Токомбаева Нуржан.

Премьерадан кийин чыгармачыл топтун каармандар менен жолугушуусу болуп, талкуу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий