• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайлык кыргыздар бүгүн Бишкекте чоң концерт берет

Маданият 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Бүгүн, 22-мартта Кытайдын Синьцзян Уйгур автоном районунан (СУАР) келген чоң чыгармачылык делегация Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында чоң программадагы концерт тартуулайт. Башталышы кечки саат 18:00, - деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, кечээ алар Нооруз майрамына карата "Ала-Тоо" аянтында уюштурулган ири иш-чарага катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашкан.

Эске салсак, 32 адамдан турган чыгармачылык топ Кыргызстанга 20-мартта келген. Алардын катарында манасчылар, ырчылар, бийчилер бар.

Пикир

Оставить комментарий