• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Аксы райондук милициясынын кызматкери ардактуу эс алууга узатылды

Аймак 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Аксы райондук милициясынын өздүк курамы милициянын майору Талантбек Кожобековду ардактуу эс алууга узатышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аксы РИИБнин башчысы милициянын полковниги А.Мырзамамытов ардагерге өтөгөн кызматы үчүн ыраазычылык айтып, сый белектерди тапшырды. Кызматкерлердин атынан ага бекем ден соолук каалашып, ардактуу эс алууда сый-урматтын үстүндө болуусун тилешти.

Ошондой эле А.Мырзамамытов Аксы РИИБдин 2 ардагерине КР ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалын тапшырды. Алардын милицияда иштеген жылдарда топтогон зор тажрыйбаларын жаш кызматкерлер менен бөлүшүүгө чакырды.

Мындан сырткары Аксы РИИБдин жетекчилиги балдар үйүнө барышып, камкордукка алынган балдарга белектерди тапшырышты. Ошондой эле акчалай колдоо көрсөтүп, мындан ары да балдар ар дайым камкордукка алынарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий