• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Керемет! Баткендик жигит бамбук таякчаларынан Кыргызстандын туусун жасады

Аймак 0


Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Баткен облусунун тургуну Дастанбек Абдрахманов аттуу жигит бамбук таякчаларынын жардамы менен Кыргызстандын Мамлекеттик туусун жасап чыккан. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасында жазган.

Ал желектерди бул ыкма менен жасоо аркылуу Кыргызстанды дүйнөнүн булуң-бурчуна таанытууну максат кылганын айткан.

"Бул эмгегиме 1 жыл 3 ай кетти. Учурда Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Россия мамлекеттеринин желеги жасалып жатат", - деп жазат ал.

Ал эми желекти көргөн социалдык тармактын колдонуучулары ага мактоо сөздөрүн айтышып, ийгилик каалашкан.

Пикир

Оставить комментарий