• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде наркы 2 млрд сомду түзгөн ирригациялык долбоор ишке ашырылууда

Аймак 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунда ишке ашырылып жаткан "Алга-Кадам" ирригациялык долбоорунун ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы ирригациялык обьекттин ачык канал жана тоннелдериндеги жумуштары менен таанышып чыгып, “Алга Кадам” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү жана жумушчулары менен жолугушту.

Ал стратегиялык мааниге ээ болгон долбоордун ишке ашуусу облус үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин, алдыда дагы мамлекеттик колдоолор болоорун белгиледи.

Буга чейин маалым болгондой, аймакта элдин демилгеси жана аракети менен Кыргызстандагы эң чоң ирригациялык обьекттин курулушу башталган. Кийинчерээк долбоор өлкө башчысынын колдоосуна ээ болуп, мамлекет жардам көрсөтө баштаган.

Маалымат үчүн: "Алга Кадам" коомдук бирикмеси тарабынан Кадамжай шаарынын аймагында 4200 га болгон жерди өздөштүрүү үчүн сугат суу менен камсыздоо боюнча жаңы канал куруу долбоору ишке ашырылууда.

Магистралдык каналдын жалпы узундугу 24 км 900 метр, анын ичинде жалпы узундугу 6 535 м болгон 3 тоннел бар. Бүгүнкү күндө жалпы 741 метр тоннель казылган. Бул долбоор ишке ашса 7 600дөй кожолук суудан пайдалана алат. Долбоордун жалпы болжолдуу баасы 2 млрд сомду түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын март айында "Алга Кадам" коомдук бирикмесине КР президентинин фондунан 50 млн сом акча бөлүнүп берилген. Ал эми бул ирригациялык обьекттин курулушуна багытталган 100 млн сом акча каражаты республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылдын август айында Баткен өнүктүрүү фондуна которулуп берилди.

Бул каражаттардын эсебинен долбоорду ишке ашырууга зарыл болгон 2 даана экскватор, 2 даана бетон аралашмасын жеткирүүчү атайын техника, 1 даана оор техникаларды жеткирүүчү трайлер, 1 даана асма кран жана башка атайын техникалар алынган.

Эскерте кетсек, каналдын курулушуна жергиликтүү элдин салымы 98, млн сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө карата курулушта жалпы 203,57 млн сомдук жумуштар аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий