• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Эл аралык эне тил күнүнүн алкагында ОшМУда фольклордук-маданий этнофестиваль болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаарындагы филиалынын төрагасы Балтагул Нурумбетов, ар улуттун өкүлдөрү, шаардагы ЖОЖдордун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар бий программасы жана интеллектуалдык номерлерин тартуулашып, жергиликтүү жана чет элдик студенттер элдик чыгармачылыкты даңазалашты. Жыйынтыгында активдүү катышуучуларга Ош шаарынын мэриясынын атынан дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан жарыяланган Эл аралык эне тил күнү 2000-жылдан бери тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү максатында жыл сайын белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий