• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо мектеп окуучусу сабалып каза болду. Шектүү катары 8 бала кармалды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.19 /Кабар/. Каракол шаарында мектеп окуучусун катуу сабап өлтүрүүгө шектүү катары сегиз бала кармалды. Бул тууралуу "Кабарга" Кыйноолорго каршы улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.

Кармалгандардын бешөөнүн жашы 18 жете элек. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Алгачкы тергөө иштеринде белгилүү болгондой, маркум менен шектүүлөрдүн ортосунда пикир келишпестиктер болгон.

Эске салсак, 12-февралда саат 8:23 Каракол шаарындагы унаабазардын жанында жаш жигиттин сөөгү табылганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери киши кыйналып өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Ошондой эле анын жанында кандын тактары бар таяк табылган.
Маркум 18 жашта болгон. Ал Караколдогу №5 орто мектепте 11-класста окучу.

Ата-энесинин маалыматы боюнча, баласы 12-февралга караган түнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Пикир

Оставить комментарий