• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин туристтик милициясына англис тилин билген кызматкерлер керек

Коом 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды (ИИББ) туристтик милицияга ишке чакырат. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

Туристтик милицияга иштей турган кызматкерлер кийинки талаптарга туура келиши зарыл:

- жогорку билим;

- курагы 35 жашка чейин;

- анын жана жакын туугандарынын соттолгондугунун жоктугу;

- бою 170 (эркектер үчүн) жана 168 сантиметрден кем болбошу кажет;

- чет тил билүү (англис тилин билгендерге артыкчылык берилет);

- аскердик күбөлүгү.

"Баардык суроолор боюнча Бишкек ИИББнин кадр бөлүмүнө – "Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 64 "а" дарегине же (0554) 10-24-23, (0550) 62-11-02 номерлерине кайрылууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий