• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте КМШнын маалыматтык кеңешинин жыйыны аяктады

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңеши өзүнүн Бишкектеги жыйынын аяктады. Иш-чаранын жыйынтыгында Маалыматтык кеңеш шериктештиктин медиамейкиндигиндеги өз ара аракеттерди бекемдөөгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар чечимдерди колдоого алды.

Жолугушууда катышуучулар элдерибизди бириктирген каада-салттарды, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо, ошондой эле достук мамилелерди чыңдоочу, ишенимдүү жана узак мөөнөттүү мамилелерди куруу үчүн бекем пайдубал болуп кызмат кылган баалуулуктарды жайылтууга күч-аракеттерди багыттоого жана өнөктөш өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин айтышты.

Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке кошкон салымын эстеп калууга жана биздин ата-бабаларыбыздын эрдигин түбөлүккө калтырууга багытталган долбоорлор талкууланды.

Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу мисалы болуп жакында Минск шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарын чагылдыруу болду. Бул практика жакшы натыйжа берди жана мындан ары дагы КМШнын аймагында жаштар фестивалын жана таланттуулардын сынагын уюштуруу жана өткөрүүдө, билим берүү, илим жана маданий жааттагы программаларды жүзөгө ашырууда колдонулат.

Маалыматтык майдандын тазалыгы үчүн күрөшүү темасы дагы өзүнчө талкууланды. Бул багытта тараптар фейктер жана тышкы маалыматтык чакырыктар менен күрөшүү үчүн биргелешкен механизм иштеп чыгууга киришүүгө макулдашты. Бул соккулардын максаты - КМШ мамлекеттерин ыдыратып, бөлүп-жаруу, ошондуктан бул коркунучка биргеликте каршы туруу керек.

Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жыйынында Маалыматтык кеңештин төрагасы шайланды. Маалыматтык кеңешти ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов жетектемей болду. Ал ишеним көрсөткөнү үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирип, КМШнын Маалыматтык кеңешинин кызыкчылыгын коргой турганын убадалады.

“Албетте биздин өз ара аракеттерибиз, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү биздин мамлекеттерибиздин медиа тармагында, Шериктештиктин жалпы маалымат мейкиндигинде жана дүйнөлүк масштабда беделибизди жана алдыңкы позицияларыбызды сактап калуу жана бекемдөө үчүн маанилүү.

ТАСС Россиянын эң алгачкы маалыматтык агенттиги болуп саналат жана заманбап технологиялык жана маалыматтык чакырыктарга жана замандын талабына жооп берет. Ал эми семинарларды жана адистерди алмашууну уюштуруу менен тажрыйба алмашууга ар дайым даярбыз. Албетте, биз кесиптештерибиз менен бул ишти, мындай байланышты улантабыз”, - деп белгиледи Кондрашов.

Өз кезегинде Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев кесиптештеринин өз ара аракеттенүүнү жана биргелешкен иштерди бекемдөөгө ынтызар экенин белгиледи.

“Бир айдан кийин Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын жыйыны, ага чейин Кыргызстандын борбор шаарында КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын Дельфий оюндары өтөт. Биз кесиптештерибизди бул окуяларды чагылдырууга чакырып, колдоо таптык.

Албетте, өзгөрүлмөлүү жана туруксуз дүйнөнүн заманбап шарттарында биз КМШ өлкөлөрүндөгү достукту жана ишенимдүү мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Бул жалпы ишке КМШнын Маалыматтык кеңеши өз салымын кошууда”, - деди Медербек Шерметалиев.

КМШ Маалыматтык кеңешинин кийинки жыйынын 2024-жылы сентябрда Москвада өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул күндөрү ТАССтын 120 жылдыгы да белгиленет жана форум ушул маанилүү датага туш келиши мүмкун.

Пикир

Оставить комментарий