• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент: Тынымсыз иштеген жарандарыбыздын салымы менен өлкөдө өзгөрүүлөр болууда

Президент 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында күндүн экинчи жарымында президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи уланды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Салтанаттуу жыйындын урматтуу катышуучулары!

Мамлекеттик сыйлыктарга татыган кадырлуу мекендештер!

Бүгүнкү күндө биз ааламдашуу доорунда, технология ыкчам өнүккөн мезгилде жашап жатабыз. Ошону менен бирге бир катар бурулуштуу окуяларга да күбө болуудабыз. Азыркы учурда чындап эле адаттан тыш кырдаал өтүп жатканын дүйнө эли да моюндады. Мына ушундай шартта тынымсыз иштеп, алдыга умтулуп, кыйынчылыктарды жеңе билген, оптимист жарандарыбыздын салымы менен өлкөбүздө өнүгүү, алга жылуу, өзгөрүүлөр болуп жатат.

Бүгүн ушул залга дал ушундай күжүрмөн, эмгекчил муундун көрүнүктүү өкүлдөрү жыйналып, ар түрдүү муундагы адамдар, ар тармактын мыктылары олтурасыздар. Баарыңыздар – биздин аң-сезимибизди өстүрө турган чыныгы эмгекчилерсиздер. Сиздер – өлкөбүздүн күч-кубаты, дарамети, байлыгы, ишеними жана сыймыгы, десем аша чапкандык болбос.

Тер төккөн мээнетиңиздердин акыбети кайтсын! Мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушуңуздар менен чын дилимден куттуктайм!

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо иш-чарабыздын 1-бөлүгүндө көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер аталарыбыз Абды Сүйөркуловго, Иса Ахунбаевге жана Насирдин Исановго Кыргыз Республикасынын Баатыры, Түмөнбай Байзаковго “Эмгек Баатыры” деген жогорку наамдар ыйгарылгандыгы тууралуу сөз кылдык. “Атын атаса, куту сүйүнөт” деген накыл кеп бар элибизде, 2-бөлүктү дагы төлгө болсун, жугумдуу болсун, мындан ары дагы ушундай мекенчил, мамлекетчил атуулдар көп чыксын деп тилек кылуу менен баштайлы.

Бүгүнкү күндө рухий маданиятыбыздын кайра жаралуусуна, нарк-насил өзөгүбүзгө кайтууга зор салым кошуп, маданият тармагында үзүрлүү иштеп келе жаткан мекендештерибиз арбын. Ушул залда отурган Садык-Шер-Нияз замандашыбыз дагы дал ушундай мээнеттүү жолго өзүн толугу менен арнап келет. Кыргыздын улуттук айтыш өнөрүн сактап калуу максатында "Айтыш" коомдук фондун негиздеген, дегеле төкмө акын, киночулар менен жаш акын-жазуучулардын башын бириктирип, өнөрлүү жаштарга ар тараптан колдоо көрсөтүп келген бул замандашыбыздын жалпы маданият чөйрөсүнө сиңирген эмгегин жамы журтубуз жакшы билет. Садык Шер-Ниязды элибиз министр, депутат же элчи кызматтарына караганда кыргыз маданиятына салым кошкон атуул катары көбүрөөк тааныйт.

Мына ушундай мамлекеттик кызматына караганда тарыхта өзгөчө эмгеги менен таанылган инсандарыбыздын дагы бири Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев абабыз милициянын генералына караганда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин авторлорунун бир катары кийинки муундун эсинде калат деп ойлойм. Албетте, бүтүндөй бир көз карандысыз, эркин мамлекеттин мамлекеттик символдорунун автору болуу ар кимге эле буюра бербеген насип экени талашсыз.

Көчмөн турмушту тандап, бийик-бийик тоолорду байырлап, жаратылыш менен камыр-жумур жашап келген ата-бабаларыбыздын айткан насыяттары, каалоо-тилектери да ак мөңгүлүү, аска-зоолуу тоолорго байланыштуу болуп келген. Бала кезинде атасынын Эверест, Хан-Теңири чокулары, Кайлас тоосу тууралуу айткандары көкүрөгүнө сиңип, кыялга айланып, кийин ал кыялы ишке ашып, Эвересттин чокусу Жомолунгманы багындырган Эдуард Кубатов – өлкөбүздө альпинизмди жайылтуунун сап башында тургандардын бири. “Жеңиш эмес, жеңишке карай кеткен жол маанилүү” дегендей, анын бул жеңиши жаш муундун бийиктиктерди багындырууда бекем эркин тарбиялайт, кайрат-күчүн бүлөйт, деп ишенебиз.

Билимдүү коом гана өлкөнү өргө тартат эмеспи. Өлкөбүздө мугалимдик кесиптен тайбай, өмүрүн ушул кесипке арнап, ар кандай кыйынчылыктардын баарын жеңип, үзүрүн эми көрүп жаткан Гапыр Мадаминов агайыбызды улуу-кичүү бирдей жапырт тааныйт. “Бүгүнкүнүн Дүйшөнү” атыккан бул агай азыркы заманда билимден мурда тарбия турарын аңдап билип, "Энелер мектебин" уюштуруп, ата-энелердин балдарын тарбиялоосу канчалык маанилүү экенин чечмелеп, билим берүүгө өзгөчөлүк киргизди. Окуучулардын дүйнө таанымын, ой чабытын өстүрүүгө, мугалимдердин педагогикалык сабаттуулугун арттырууга багытталган эмгектери дагы заман талабына мыкты жооп болду. Мындай үзүрлүү эмгек сөзсүз бааланышы керек.

Урматтуу жыйын катышуучулары, Камчыбек Букалаев, Тамара Исабекова, Шайымбек Кыдырмаев деген ысымдарды канча муун өкүлдөрү жакшы билери өзүңүздөргө жакшы маалым. Далай чыгармачыл залкарлар менен чогуу окуп, үзөңгүлөш жүрүп, атактуулар менен тыгыз иштешкен Камчыбек Букалаевдин обондору оркестрлердин коштоосунда аткарылып, маданият тармагынын мазмунун бир топ эле байыткан. Оркестр демекчи, бардык эле ырчылар оркестрдин коштоосунда ырдоого батына беришпейт. Ал эми Тамара Исабекова эжекебиз “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, 40 жылдан ашуун улуттук филармонияда үзүрлүү эмгектенип, оркестрдин коштоосунда кубулжута обон созуп келет. Залкарлар менен чогуу окуп, чогуу иштешкен дагы бир атуулубуз – бул Шайымбек Кыдырмаев. Ал ар түркүн жанрда образдарды аткарып, спектаклдердин, кинофильмдердин ажарын ачып келет. Жөн эле образ аткаруу менен эле тим болуп калбай, жаштарга мол тажрыйбасы менен бөлүшкөн мыкты насаатчы экенин да жакшы билебиз.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Арабызда чыгаан педагогдор, колунда эми бар дарыгерлер, иштин майын чыгарып, натыйжа көрсөтө билген укук коргоо, экономика, айыл чарба, сот жана башка тармактардын өкүлдөрү да отурасыздар. Мекен алдындагы, эл алдындагы парзыңыздарды жазбай аткарып жатасыздар. “Эл – тараза, эл – сынчы” дегендей, эмгегиңиздер менен элге жагып, элдин алкышын ала бериңиздер. Мекен алдындагы ыйык милдетиңиздерди кесипкөйлүк менен аткарып, муну менен кийинки жаштарга үлгү болуп жүрүңүздөр!

Күн санап эмес, саат санап өнүгүп жаткан бүгүнкү технологиялар доорунда жаштарга билим берүүнүн ролу аба менен суудай артып бара жатканын баарыбыз жакшы түшүнүп калдык. Бүгүн жаштарга кандай билим берсек, кийин келечегибиз да ошого жараша болору анык. Андыктан оор түйшүгүнө карабастан, ушул тармактын бир ыптасын чоюп, алдыга тартып келе жатышкан билим берүү кызматкерлеринин айрымдарын атап өтөйүн. Алар: Ысык-Көл облустук Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицейинин математика мугалими Тинатин Жанышева, “Билимкана-Бишкек” жалпы билим берүү мектебинин директору Елена Мундузбаева, Баткен районунун Т.Садыков атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими Уулжан Сапарова, “Сейтек” улуттук борборунун директору Сабийра Челпакова баштаган бир катар жарандарыбыз ардактуу сыйлыктарга татып олтурушат.

Элибиздин саламаттыгына, дени сак болушуна талыкпай эмгектенип, замандан артта калбай изденип, Гиппократтын антына бекем туруп, иштеп келе жатышкан ак халатчан дарыгерлерибиз: Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева, Талас райондук жалпы дарыгердик практика борборунун Көпүрө-Базар айылындагы филиалынын төрөт бөлүмүнүн дарыгери Салый Акматова, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдар хирургиясы кафедрасынын доценти Владимир Порощай, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын консультациялык-диагностикалык бөлүмүнүн кардиолог врачы Кочкорбай Атажанов, Улуттук онкология жана гематология борборунун анестезиология жана жандандыруу бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматолог врачы Азимкан Мырзаканова баш болгон бир катар ак халатчан атуулдарыбызга сыйлыктарын тапшыруу мен үчүн да зор сыймык.

Өлкөнүн коопсуздугу, эл-жердин тынчтыгы үчүн, үй бетин көрбөй, түн уйкусун бөлүп, керек болсо жанын да берүүгө даяр болгон милиция кызматкерлери, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө салымын кошкон ишкерлер, айыл чарба кызматкерлери, Кыргызстандын атын таанытууга салымын кошуп, эмгек сиңирип келе жатышкан бардык тармактардын адистери – баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Албетте, сыйлык алып жаткандардын баары ушундай татыктуу алкыштарга арзый турган инсандар, ошондуктан мамлекеттик сыйлыктарга ээ болуп олтурушат. Бирок убактыбызга жараша алардын баарын атап өтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү, туура кабыл аласыздар деп ойлойм.

Ошентсе да өлкөбүздүн жүзү, кыймылдаткыч күчү, ишене турган эртеңки келечеги – сиздерсиздер!

Кадырлуу сыйлык ээлери!

Сиздердин бардык жетишкендигиңиздер – биздин коом үчүн, жарандарыбыз үчүн, өзгөчө жаштар үчүн шык берүүгө мыкты үлгү. Сиздер жаратман ишмердигиңиздер менен Кыргызстандын тарыхын жазып жатасыздар. Андыктан, жамы журтубуздун атынан сиздерге ыраазычылык билдире кетейин.

Албетте, ак эмгектин үзүрүн көргөнгө не жетсин. Эмгеги бааланган инсандарга алган сыйлыктары мындан ары дагы мамлекеттин өнүгүп-өсүшү үчүн жемиштүү иштегенге чоң түрткү болот.

Кымбаттуу сыйлык ээлери, сиздерди Ата Мекенибиз ар дайым унутпайт.

Сыйлыгыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Бар болуңуздар!”.

Пикир

Оставить комментарий