• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тамеки чегүүгө каршы рейд өтүп, 65 миң сомго айып салынды

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Бишкекте тамеки чегүүгө каршы рейд өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда оюн-зоок жайлары текшерилип, "КР жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары аныкталды.

Жыйынтыгында 65 миң сомго айып салынып, 3 протокол түзүлдү.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, тамеки чеккен жаранга айыппул салынарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий