• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Мамлекеттик туу күнү белгиленди – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында бүгүн, 3-мартта Мамлекеттик туу күнүн кабыл алгандыгынын 29 жылдыгы белгиленди.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, иш-чарага борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командири Талантбек Эргешов, акимдер, шаардык кызматтардын башчылары катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Мамлекеттик туунун авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий