• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

4-10-февралда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 10-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 5-6-февраль күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

7-февралда жана 8-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт. 8-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

9-10-февраль күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий