• 88.68
  • 95
  • 0.95

20-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Эртең, 20-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, башка аймактарда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38, Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37 градуска жетет.

Ысык-Көл облусунда Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32 градус, Нарын облусунда болсо абанын температурасы түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32 градуска чейин жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39 градуска чейин ысык болот.

Эртең, 20-июлда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 22…24 градус, күндүз 36…38 градуска чейин ысык болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий