• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектеп директорлорун тандоо. Бишкек шаарында жана Ош облусунда жеңүүчүлөр аныкталды

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы жана Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Бишкек шаары боюнча тестирлөөгө 44 талапкер катышып, анын ичинен 32 адам (60%) босого балл же андан жогору алды. Жыйынтыгында 6 талапкер жеңүүчү деп табылды.

Ош облусунан катышкан 95 талапкердин ичинен 33 адам босого пайыздык чектен өтүп, анын 24ү жеңүүчү болду.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 69 ваканттык орун бар болчу.

Пикир

Оставить комментарий