• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте экологиялык кеңештин жыйыны өттү. Эмнелер талкууланды?

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Бишкек мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин төрагалыгы алдында экологиялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеге мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Экология министрлигине караштуу мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле ЖОЖдордун жана "Арча демилгеси", "Жашылдандыруу" коомдук фонддорунун жана "Эко деми", "Бишкек смог" уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Кеңештин алкагында борбордун экологиялык фонун сактоо жана жакшыртуу маселелери көтөрүлдү. Тактап айтканда, калктын көмүрдү колдонуусун чектөө механизмдерин иштеп чыгуу, жашыл аймактарды өздөштүрүү жана долбоорлоо, коомдук транспортту өнүктүрүү жана жол транспортунун структурасы, энергиянын натыйжалуулугу жана турак жай имараттарында энергияны үнөмдөө сыяктуу маселелер талкууланды.

Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн жыл сайын 10 миңден ашык жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуу, аларды коргоо үчүн "жашыл коридорлорду" куруу, жашыл зоналардын аянтын көбөйтүү, ошондой эле 2023-жылы 26 гектар аянтка гүлбакчаларды жана эс алуу жайларын куруу жана жакшыртуу, Ала-Арча, Аламүдүн дарыяларынын, ЧЧК жээктерин көрктөндүрүү, ирригациялык тармактарды куруу жана реконструкциялоо пландаштырылууда.

Шаарды ирригациялоо маселелери боюнча 500 чакырым узундуктагы ирригациялык тармакты куруу жана реконструкциялоо, жашыл жерлерди сугаруу жана тамчылатып сугаруу үчүн жаңы скважиналарды бургулоо планы бар.

Ошондой эле абанын сапатын жакшыртуу максатында калктуу конуштарда жалаң жаратылыш газы менен иштеген коомдук мончолорду куруу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий