• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды. Ал конокто жүргөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Дайынсыз жоголду деп издөөгө салынган кыз курбусунун үйүндө конокто жүргөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Нурхан кызы Жаркынай кечээ, 12-февраль күнү курбусунун үйүнөн табылган.

10-февралда өспүрүм кыз үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эместиги кабарланган болчу. Ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган. Маалым болгондой, Жаркынай курбусунун үйүндө түнөп калып, эртеси күнү кайтып келген.

Пикир

Оставить комментарий