• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Активист Бабакуловдун унаасынан акчасын жана капчыгын уурдап кеткендер изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясы жарандык активист Аманбол Бабакуловдун унаасынан акчасын жана капчыгын уурдап кеткендерди издөөдө. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 24-февраль күнү Октябрь райондук милиция бөлүмүнө 33 жаштагы Б.А., аттуу жаран кайрылып, аталган кылмышка тиешеси бар белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Активисттин арызында, 23нөн 24-февралга караган түнү белгисиз адамдар короодо токтоп турган боз түстөгү “Субару-Форестер” үлгүсүндөгү унаасынын терезесин сындырып, ичиндеги кара түстөгү капчыгын алып кетишкен. Анын ичинде 12 миң сом болгон. Андан тышкары документтери бар көк түстөгү папканы кошо алып кетишкен.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдарды издөө боюнча баардык иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

Ал эми активист А.Бабакуловдун айтуусу боюнча – бул “эскертүү” болгон.

Сүрөттөр Facebook’тан алынган.

Пикир

Оставить комментарий