• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Өзбекстанда 100 миң сумдук банкнот жүгүртүүгө чыгарылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 25.02.19. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Өзбекстандын Борбордук банкы 100 миң сумдук жаңы банкнотту жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу ӨРнын Борбордун банкынын расмий сайтында маалымдалат.

Жүгүртүүгө чыгарыла турган банкнот Өзбекстандын белгилүү окумуштуусу Мирзо Улугбекке жана анын астрономиядагы жетишкендиктерине арналган.

Учурда Өзбекстанда колдонуудагы эң чоң банкнот 50 миң сум. Ал жүгүртүүгө 2017-жылы августта киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий