• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабах аймагын талкуулоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Армения Азербайжан менен Тоолуу Карабах аймагынын бир бөлүгүн кайтаруу маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу Армениянын ТИМ башчысы Эдвард Налбандян билдирди. «Интерфакс» маалымдагандай, Налбандян Еревандагы эл аралык форумда сүйлөп жатып, кеп коопсуздук жактан Карабахка коркунуч жаратпаган аймактар жөнүндө болуп жатканын айтты.

News.am порталынын маалыматына караганда, Налбандян кокус согуш чыгып кетип, аны тез арада токтотуу мүмкүн эмес болсо, Армения Тоолуу Карабахтын көз карандысыздыгын тааный турганын белгиледи. Ал сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана Ереван көйгөйдү тынчтык жол менен чечүүнү каалай турганын кошумчалады.

1991-жылы калкынын басымдуу бөлүгүн армян улутундагылар түзгөн Тоолуу Карабах аймагы Азербайжандын курамынан чыкканын жарыялаган. Жаңжал согушка чейин жетип, 30 миңге жакын киши мерт болгон. Согуштун жыйынтыгында Армения аймакты өз көзөмөлүнө алган. Азербайжан жоготкон аймактарды өзүнүкү деп эсептеп келет.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий