• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясына жаңы кызматтык 10 унаа тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта Жалал-Абад облустук милициясында Ички иштер министрлиги тарабынан жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн бөлүнүп берилген «Шевролет Нексия» үлгүсүндөгү атайын жабдылган 10 даана кызматтык автоунаалар тапшырылды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган автоунаалар облустун алыскы делген Чаткал районунан тартып, Бишкек-Ош автожолун тейлеген шаар-райондорго жана облустук ЖКККБнын жол көзөмөлдөо тобунун кызматкерлерине бекитилип, ачкычтары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев ачкычтарды тапшырып жатып: «Бул кызматтык автоунаалар сиздерге элибизге жана жол кыймылын көзөмөлдөөдө кызмат кылууга берилип жатат. Андыктан айдоочулар арасында түшүңдүрүү иштерин мыкты деңгээлде жүргүзүп, сылык мамиле жасап, ак ниеттүүлүк менен кызмат көрсөтүңүздөр», - деди.

Пикир

Оставить комментарий