• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Абылгазиев суук түшкөнгө чейин Он-Эки-Бел айылындагы мектептин курулушун аяктоону тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ноокат районуна караштуу Он-Эки-Бел айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы балдар убактылуу билим алып жатышкан чатырларды кыдырып, мектептин жамааты жана окуучулар менен маектешти.

Премьер-министрге мектептин имаратын тургузуу боюнча негизги курулуш иштери аяктаганы жана үстүбүздөгү жылдын этегине чейин окуу мекемеси пайдаланууга берилери тууралуу маалымдалды.

Мухаммедкалый Абылгазиев мектептин курулушун суук түшкөнгө чейин аяктоону тапшырды. Ошону менен бирге Премьер-министр бардык курулуш жана жасалгалоо иштеринин жогорку сапатын камсыздоону талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий