• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Өзбекстан Украинадагы жарандарын эвакуациялоо үчүн дагы эки каттам уюштурат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Расмий Ташкент Украинадан Польшага жеткирилген өзбекстандыктарды ташуу үчүн 2-мартта дагы эки каттам уюштуруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, Польшада Өзбекстандын 800дөй жараны калды.

"Алардын 350сү поляк мамлекеттик чек арасына, 450сү Катовице аэропортуна жеткирилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Киевдеги элчилик өзбекстандыктарды эвакуациялоону улантып жатканын, ушул тапта 1186 жаран мекенине жеткирилгенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий