• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда бирдиктүү мектеп бут кийими киргизилиши мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Тажикстанда орто мектептер жана жогорку окуу жайлары үчүн бирдиктүү бут кийим киргизүүнү ойлонуп жатышат. Билим берүү жана илим министрлиги бул идеаны азырынча имиш деп атады. Бирок өлкөдөгү ЖОЖдордун биринин базасында бут кийим өндүрүү ишканасын ачуу пландалып жатканын мойнуна алды.

Тажикстанда бириктүү мектеп формасы 2014-жылы киргизилген. Ошондон бери билим берүү министрлиги ата-энелерге форма сатып ала турган фирмаларды сунуштап келет. Бул өтө чоң жана кирешелүү рынок.

Тажикстан билим берүү жана илим министри Нуриддин Саиддин эсеби боюнча тажик окуучуларына жылына алты миллион жуп бут кийим керек.

"Дүйнөлүк стандарт боюнча, биздин стандарт боюнча өндүрүшөт. Бут кийим ыңгайлуу жана сапаттуу болот", – деди аткаминер.

Азырынча бут кийим рыногун Кытай, Орусия жана Түркия көзөмөлдөп келет. Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, Тажикстан атаандаштыкка туруштук бербейт.

Пикир

Оставить комментарий