• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Евробиримдик Борбор Азияга кошумча 72 млн евро бөлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрүнө кошумча 72 миллион евро бөлөт.

7-июлда Бишкекте «Европа Биримдиги - Борбор Азия» аталышындагы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өттү. Ага Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен аймактагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышты. Жыйындын аягында аймактагы өлкөлөгө кошумча жардам берилери айтылды.

Борбор Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы стратегия боюнча 2014-жылдан 2020-жылга чейин 1 миллиард доллар бөлүү каралган. ЕБ буга кошумча ар түрдүү долбоорлорду каржылоо үчүн 72 миллион евро бөлөт.

Маалыматтарга караганда, Тажикстан жаңы ГЭС куруу үчүн 20 миллион евро алат. Бул долбоор калкты электр кубаты менен камсыздоого жана Ооганстандын түндүгүнө электр энергиясын экспорттоого багытталган. Кеп кайсы ГЭС тууралуу жүрүп жатканы белгисиз, бирок Германия дагы бул долбоорго жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий