• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Назарбаевдин кичүү кызы кинодон кийин экология менен алектене баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева Экологиялык уюмдар бирикмесинин президиумуна жетекчи болуп дайындалды.

«Чечилип жаткан маселелердин жогорку деңгээлин эске алуу менен биз бирикме президиумуна Алия Назарбаеваны чакырдык. Ал өлкөдө экологиялык жана билим берүү программаларын колдоо жана өнүктүрүү жаатында чоң тажрыйбага ээ», — деп билдирди бирикме башкармалыгынын төрайымы Айгүл Соловьева.

Бирикме системалык-экологиялык демилгелерди колдоочу, Казакстанда «жашыл» жашоо образын, экологиялык билимди пропагандалоочу жана улуттун экологиялык этикасы менен маданиятын калыптандырчу аянтча болот деп пландалууда.

Алия Назарбаева – Казакстан президентинин үчүнчү, кичүү кызы. Ал «Европа+» радиосунда директордун жардамчысы кызматында, банктардын биринин юридикалык департаментинде, телекоммуникация жаатында, атасынын катчылыгында, ошондой эле бөтөлкө суусун өндүрүү заводунда директор болуп иштеген. Акыркы кездери негизинен кино менен алектенип, «Казакфильм» студиясынын ханыша Томирис тууралуу тарыхый тасмасына продюсерлик кылган.

Пикир

Оставить комментарий