• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Турак-жай кодексине сунушталган өзгөртүүлөргө бир катар сын-пикирлер айтылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасаган юстиция министри Уран Ахметов кодексти өзгөртүүнүн максаты чет өлкөлүк жарандарга турак жайларды сатып алууга макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жоюу экенин белгилеп, 2013-жылы кабыл алынган Турак-жай кодексинде бул түшүнүк киргизилгени менен макулдук берүү тартиби аныкталбагандыгын жүйө келтирди. Андан тышкары, аталган мыйзам долбоорунун алкагында чек ара аймактарында чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын турак-жай салып же сатып алуусуна чектөө киргизүү сунушталгандыгы белгилүү болду.

Талкууда депутат Улукбек Ормонов чет өлкөлүк жарандар сатып алган турак жайдын жер тилкеси боюнча маселе долбоордо камтылып-камтылбагандыгына кызыкты. Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев чет элдик жарандар ала турган инвестициялык виза канча мөөнөткө берилери, мөөнөтү бүткөндөн кийин чет элдик жаран алган же салган үйдүн тагдыры кандай болоору сыяктуу бир катар суроолоруна канааттандырарлык жооп ала албай, мыйзам долбоорунда бир катар чийки моменттер бар экенин белгиледи. Эл өкүлдөрү мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөр боюнча башка мыйзамдарга дагы түзөтүүлөр киргизилиши керектигин белгилешти.

Талкуу соңунда, сунуш-пикирлерди эске алуу талабы менен тармактык комитеттин корутундусунун негизинде мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий