• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кампадан ири өрт чыгып, жерине 7 бөлүм тартылды

Кырсык 0


Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. Бишкектин Мурманск жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыккан. Маалымат түнкү саат 03:45те түшкөн, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, жалынды өчүрүүгө ыкчам түрдө биринчи бөлүм саат 03:46да чыгып кеткен.

Өрттүн аянты чоң болгондуктан жерине жалпы 7 бөлүм, бир суу ташуучу, Штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары, милиция кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада, Тез жардам кызматынан 1 бригада, газ чарба кызматынан 1 бригада, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа тартылды.

Такталган маалыматка ылайык, өрт саат 07:20да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Маалыматка караганда, өрттөнгөн кампада азык-түлүк жана жер семирткич (селитра) сакталган.

Пикир

Оставить комментарий