• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун атасы каза болду

Коом 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. ИИМ Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековго атасы мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу, ички иштер министрлигинин өздүк курамы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековго атасы Омокан Ниязбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ниязбеков Омокан Ажымуратович 2021-жылы январда 69 жашка толмок. "Жакын адамыңды жоготуу - бул оор сыноо. Ккайгыңызды тең бөлүшөбүз", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий