• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымалы Осмонов 100 жылдыгын белгиледи

Коом 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымалы Осмонов 100 жылдыгын белгиледи

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ардагерди 100 жылдык мааракеси менен Ленин районунун башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Жунусова куттуктады.

Жунусова ардагерге Ленин районунун акиминин атынан куттуктоо куржунун тапшырып, материалдык жардам көрсөтүп, чың ден соолук каалады жана баатырдык эрдиктери үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 100 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымалы Осмонов оңдогон медалдар менен сыйланган. Ал Беларусь жана Украина фронтторунда салгылашып, 1944-жылы Варшаваны, Венгрияны, Польшаны, Праганы бошотуу үчүн салгылашууларга катышкан.

Пикир

Оставить комментарий