• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда айыл чарба продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү $660,1 млн түздү – Керималиев

Экономика 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү $660,1 млн түздү. Ал өткөн жылга караганда 17,7%га көбөйгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, экспорттук сатуулар 24,9%га көбөйүп, 184,8 млн долларды түзгөн. Ал эми импорттук продукциянын келиши 9,9%га өсүп, 475,4 млн долларды түзгөн.

"2019-жылдын январь-сентябрь айларында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары 12 млрд 890 млн 300 миң сомго экспорттолгон. Ал былтыркы жылга салыштырмалуу 27,3% өскөн. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы продукцияларынын импорту 33 млрд 162 млн 200 миң сомду түзгөн. Ал 2018-жылга караганда 9,9%га көп", - деди ал.

Экспорт бөлүмүнүн башчысы Нурмамат Муллакелдиев белгилегендей, жашылча, жемиш, сүт, эт азыктары 6 млрд сомго экспорттолгон. Алар негизинен Түркия, Казакстан, Россия жана Украинага жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий