• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аскарбек Жаныбеков “Айыл Банктын” директорлор кеңешинин мүчөсү болду

Экономика 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Айыл Банктын” директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, 2024-жылдын 12-мартында Улуттук банк «Айыл Банк» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө «Айыл Банк» тарабынан сунушталган Жаныбеков Аскарбек Сапарбековичтин талапкерлигин жактырган.

Эскерте кетсек, Жаныбеков 2023-жылдын декабрында айыл чарба министри кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий