• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адылбек Касымалиев менен Казакстандын элчиси биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку деңгээлде боло турган иш-чараларды уюштуруу жана даярдоо, ошондой эле соода-логистикалык, өнөр жай, экономикалык, жол, чек ара тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Ошондой эле эки тараптуу кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу жана учурдагы маселелери, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташуу маселелери каралып, талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий