• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк валюта рыногуна 104 млн 250 миң доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы кун мурун валюта рыногуна 104 миллион 250 миң доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Америкалык валютанын сатуу баасы 85,68 сомду түздү. Расмий курс 2022-жылдын 23-декабрынан бери өзгөрө элек.

Эске сала кетсек, былтыр Улуттук банк валюта рыногуна 15 ирет интервенция жасаган. Анын ичинен сегиз жолу валюта базарына интервенция менен чыгып, 486,5 млн доллар сатса, сегиз ирет 190,74 млн доллар сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий