• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды

Президент 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө региондоруна иш сапарларын улантат. Бүгүн, 10-июнда Мамлекет башчысы эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды, - деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарына барат. Июнь окуясы маалында каза болгондорду эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коет.

Президент иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жана Араван районундагы калкты таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Ош облусунун өнөржай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий